2024-03-26

Долбоорубуз ийгиликтүү аяктады.


2023-жылдын 31-декабрь куну Кесиптик-техникалык окуу жайыбыздын окутуучуcу доцент  Махмут ВУРАЛ долбоордун изилдөөчүсү катары катышкан доцент Явуз Эржан ГҮЛ жетектеген «Мектеп-өндүрүш кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда текстиль секторунун кесиптик билим берүүдөн күтүүлөрү: бир өрнөк изилдөө» аттуу долбоор ийгиликтүү аяктады.

Бул долбоор Кыргызстанда расмий түрдө иштеп жаткан кийим тигүү технологиясы чөйрөсүндөгү кичи, орто жана ири ишканалардын кесиптик лицейлерден күтүүлөрүн иликтөөгө багытталган. Бул максатта Кыргызстандын Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан чакан, орто жана ири текстиль фабрикаларынын жана өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен маектешүүлөр өткөрүлдү.  Катышуучуларга кесиптик окуудан эмнени күтүшөт жана жакшы кадр кандай компетенцияларга ээ болушу керек деген суроолор берилди. Иликтөөнүн аягында Кыргызстандагы бизнес-мектеп кызматташтыгынын негизинде сектордун мектептен күтүүсү аныкталып, бул боюнча сунуштар берилди.